2-ноябрда: Күндүз күн жылуу болушу күтүлөт
- 7 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 2-ноябрда, күндүз өлкөдө жылуулук кармалып турат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында секундуна 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +13…+18;
Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +12…+17;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +9…+14;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +1…+3, күндүз +15…+17 градус.
4-5-ноябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлүшү күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
6-ноябрь күнү түнкүсүн жана эртен менен Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк жашылча жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




