2-мартта: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
- 3 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 2-мартта, аба ырайы өзгөрүлүп турат. Күндүз Чүй, Таласской, Ош, Жалал-Абад, Баткен областарында, ошондой эле Ысык-Көл, Нарын айрым жерлеринде кар аралаш жаан жаайт, тоолуу райондордо кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде секундуна 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+4, күндүз +5…+10;
Талас облусунда түнкүсүн …0+4, күндүз +5…+10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7.
Бишкек шаарында къндъз жаан жаайт. Эртең менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0 …+2, күндүз +6…+8 жылуу болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




