2-майда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
- 2 недели мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 2-майда, күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт, Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 мет, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28;
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +19…+24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22;
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;
Бишкекте өткүн өтүшү күтүлөт. Түнкүсүн +14…+16, күндүз +24…+26.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




