2-июнда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт  

  • 1 неделя мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 2-июнда, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.  

Абанын температурасы:

Чүй облусунда: түнкүсүн +17…+22, күндүз +28…+33;

Талас облусунда: түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31;

Баткен облусунда: түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34;

Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34;

Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27

Нарын облусунда: түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27;

Бишкек шаарында өткүн өтүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4–9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22, күндүз +29…+31.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты