2-июнь: Жаан жаашы күтүлөт
- 1 год мурун
Кыргызгидромет кызматынын маалыматы боюнча, бүгүн, 2-июнда, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, күн күркүрөйт, Ысык-Көл, Нарын облусунда жаан катуу жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан жаашы күтүлбөйт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан күтүлөт, Чүй облусунун айрым аймагында жаан жаашы күтүлөт, күн күркүрөйт, Ысык-Көл облусунун чыгышында күн катуу жаашы күтүлөт, Талас, Баткен облустарында жаан күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;
Талас облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз+ 25…+30;
Баткен облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22;
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19;
Бишкек шаарында жаан күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +27…29 градус ысык болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




