2-июлда: Айрым жерлерде 38 градуска чейин ысык болот
- 2 недели мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 2-июлда, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, күн күркүрөйт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана башка жерлерде жаан-чачын жаабайт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Батынташ соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…22, күндүз +32…37;
Талас облусунда түнкүсүн +12…17, күндүз +30…35;
Баткен облусунда түнкүсүн +18…23, күндүз +32…37;
Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +19…24, +күндүз 33…38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…16, күндүз +24…29;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…13, күндүз +23…28;
Бишкек шаарында жаан күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 14 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +20…221°, күндүзгү жогорку температурасы +33…35° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан