Жоошбек Коеналиев өзүн “Бишкектин элдик мэри” деп жарыялады

  • 3 года мурун

“Республика” партиясынан талапкерлигин койгон Жоошбек Коеналиев өзүн “Бишкек шаарынын мэри” — деп жарыялады.

Коеналиев эч кандай жарлык, токтомсуз Бишкек шаардык мэриясынын имаратына кирип келген. Ал мэриянын кабинетинен журналисттердин суроосуна жооп берип жатып: “Мени эч ким бул кызматка шайлаган жок, мен өзүм элдин атынан келдим”, — деп билдирген.

Коеналиев мэриядагы кызматкерлерге кайрылып: “Кызмат ордуңардан кам санабагыла, буга чейин кандай иштесеңер, ошондой уланта бересиңер”, — деди. Саат 14:00дө шаардык кеңеште Жоошбек Коеналиевдин катышуусунда отурум өтөөрү айтылууда.

Учурда мэриянын имараты жаңы мэрдин тарапташтары менен корголуп, эч ким киргизилбей жатат.

Ал эми Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов азыр кайда экени белгисиз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты