Шайлоочуну урганы далилденсе «Биримдиктин» талапкери тизмеден четтетилет

Фейсбук колдонуучусу, журналист Кудрет Тайчабаров өз баракчасында КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, “Биримдик” партиясынын талапкери Нодирбек Каримов шайлоочулар менен кезигишүү учурунда шайлоочуну сабады деп пост жарыялаган.

Анда депутаттын жүрүм-турумуна нааразы болуп, БШКнын жумушчу тобунан чара көрүүнү өтүнгөн. Ага далил кылып видеоматериал да жүктөгөн.

Видеодогу адам Жогорку Кеңештин депутаты, «Биримдик» партиясынын талапкери Нодирбек Каримовго окшош экенин көрүүгө болот.

Кудрет Тайчабаров постунда БШКга кайрылып, бул маселени кароону өтүнгөн:

Атың чыкпаса элди ур!

Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын депутаты Надыр Каримов учурда “Биримдик” туусунун алдында кайрадан шайланууга аттанган. Шайлоочулар менен болгон жолугушуулардын биринде бир өзбек шайлоочу Надир акадан депутаттык мөөнөт учурунда эмне иш кылгандыгын сураптыр.

Эчтеке иш кылганын айта албаган бул короз теригип кетип шайлоочуну сабап салган. Чоң муштум депутаттын бул кылыгы видеодо даана көрүнүп турат.

Учурдагы депутат, өлкөнүн эң жогорку мыйзам чыгаруу бийлигинде отурган чоң чиндин бул кылганы кызматтык этикага да, адамгерчиликке да жатпайт. Деги эле Надыр деген депутат бар экендигин эл эмес, мен эми билдим. Аквариумда жашаганы менен муштуму бар экени аябай таң калычтуу болуп атат. Балыкта муштум жок, куйругу менен чаптыбы деп таң калып атырык. «Биримдик» менен «Жегеним» ким көп урат деп жарышып атасыңарбы?

Илгери БШК Ташиев бирөөнү уруп коюптур деген шылтоо менен шайлоодон четтеткен. Бул ирет БШК бирдеме дейби? Негизи эле БШК мүчөлөрү айлыгыңарды актап жейсиңерби же бетти бетон кылып жүрө бересиңерби?», — деп кайрылган журналист.

Бул маалыматты тактоо үчүн биздин редакция “Биримдик” партиясына кайрлды. Бирок партия бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Такталса талапкерлиги алынат

БШК, эгер бул маалымат тактала турган болсо, Надир Каримовдун талапкерлигин шайлоодон алып салууга укуктуу. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимов билдирди.

Эгер бул факт БШКга келип катталса, алгач аны БШКнын жумушчу тобу карайт. Анан соң БШК мүчөлөрүнүн жыйнында каралат. Эгер факт далилденсе, ал талапкер мыйзам алдында жооп берет. БШК талапкерди шайлоодон чектетип коюшу мүмкүн”,- дейт Акылбек Эшимов.

Белгилей кетсек, 2015-жылы БШК Камчыбек Ташиевди шайлоочуну урганы үчүн шайлоодон чектеткен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты