Жогорку кызматтагы адамдар шайлоого эмнеге баратат? (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө мейманда юридика илимдеринин доктору, мамлекеттик саясат магистри — Аяз Баетов. Ал- “Жогорку кызматтагы адамдар, аткаминерлер эмнеге парламентке шайлоого баратат?” деген теманын алдында сөз козгойт.

Аткаминерлердин шайлоого аттанышы мыйзамдуубу?

— Өлкө үчүн оор мезгилде жогорку кызматтагы адамдардын, аткаминерлердин кызматын калтырып, шайлоого депутаттыкка аттанышы мыйзамдуу көрүнүшпү?

(Мисалы вице-премьер, бир катар министрлер, агенттиктин жана департаменттин башчылары ж.б. шайлоого бара жатышат) .

— Мыйзамда кызматкерлерге шайлоо убагында кызматынан кетпей деле ыйгарым укуктарын токтотуп, шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк берилген экен. Бирок ал — адилеттүү практика эмес. Алар иштеген жерде ыйгарым укуктарын токтотпой, бошонуп, шайлоого кеткени адилеттүү болмок деп БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев айтып жатат.

Мыйзамда орусча айтканда, “лазейка” деген болот (жылчык-А.Б. ), ошону колдонгон кишилер моралдык жоопкерчиликке тартылабы-тартылбайбы деген маселе.

— Кызматын убактылуу токтотуп шайлоого барып жатышат, ушул маселечи?

— Эмнеге бул туура эмес практика, туура эмес кадамдар? Биринчиси, кызматкерлер, аткаминерлер өзүнүн алдына кандай максаттарды койду эле, эмнеге барды эле бул кызматка?

Премьер-министр Боронов Жогорку Кеңешке келгенде “Бул команда, өкмөт бүт курамы менен шайлоого барбайбыз деп чечтик» деп айткан, туурабы? Эми өзүнүн сөзүн бузуп, шайлоого бараткандары туурабы-туура эмеспи?

Бул алар үчүн “элге жардам беребиз, көйгөйлөрдү чечип, реформаларды алдыга жылдырабыз” деген эмес, жөн эле бийликке жете турган кызмат экен. Ошол жерде отурганы, министр, орун басары, вице-премьер… Бул кандай деген кызматтар. Эми баарын таштап, шайлоого баратканы, жумуштан кетпей, ыйгарым укуктарын токтотуп эле баратканы, эки үстөлдун үстүндө отурайын деген үмүтү.

“Өтүп кетсем, анда жыргап, кызматты таштап кетем, өтпөй калсам, кайра олтуруп алам” деген ой.Бирок кайрадан биринчи суроо, “Анда сен ал жерге эмнеге бардың эле? “Реформа кылам, бир нерсени өзгөртөм” деп баргансың. Же жөн эле бийлик талашып бардың беле? “Реформа кылам деп барсаң, анда өзүңдүн ордуңда отура бер, мындан жогору жер болбойт. Депутаттык мандат деле вице-премьерликтен, министрден жогору эмес. Эмнеге баратасың депутаттыкка? Бул- экинчиси.

Үчүнчүсү эң чоң проблема, жумуштан толугу менен кетпей, ыйгарым укуктарын токтотуп койгону эле коркунучтуу нерсе. Шайлоонун жыйынтыгынын легитимдүү болушуна таасирин тийгизиши мүмкүн.

Эмнеге? Мисалы, вице-премьерди алалы. Вице-премьер жумуштан кетпей, шайлоого аттанды.Вице-премьердин алдында министрлер бар, улуттук деңгээлдеги кызматкерлер. Министрдин алдында орточо звенодогу жүздөгөн кызматкерлер, анын алдында, райондук, жергиликтүү, аймактык деңгээлдеги миңдеген кишилер бар.

Сенин шефиң шайлоого катышып жатса, жумуштан кетпесе дагы, ыйгарым укуктарын токтотуп гана койсо, бул эмне, туура практикабы? Бул — логикага жатпайт.. Бул — мыйзамда болгон “лазейканы” (жылчыкты) уятсыз жол менен колдонуу деп айтсак болот.

Эң жогорку деңгээлде (админ ресурсту- А.Б.) колдонбогула деп айтылып жатат. Ошол эле убакта министр болуп турган кишилерге мүмкүнчүлүк берилип жатат, шайлоого барганга.

Оор учурда кетип калганы логикага жатпайт

— Жумушунан убактылуу кеткенинин дагы бир себеби — шайланып келишине ишенбегендигинен да болушу мүмкүнбү?

— Ким билет, кандай бүтүшүн, мен кайра келип калам деген ой. Негизги проблема эмнеде? Биз, кыргыз эли ошондой кадамдарды туура көрүп жатабыз. Бизди алдап жатышат, бул мыйзамдуу, анда туура деп. Мыйзамда туура болгону менен туура эмес процедура жазылып калыптыр, бул логикага, абийирине, аң-сезимге карата туура эмес.

Анткени мейли, сен шайлоодо админресурс колдонгон жоксуң, кызматыңды таштап кетип жатасың. Үгүт иштери бир ай, кызматка кириш үчүн эле дагы бир-эки ай чуркады иштебей. Биз угуп жатабыз, жумушун кылбай, сүйлөшүү жүргүзүп, суранып жүрүштү партиялардын тизмесине киребиз деп. Ошондо минимум 2-3 ай иштебей, шайлоо боюнча чуркап жүрүштү.

Биз азыр кандай оор мезгилдебиз. Кыргызстан ушундай кризиске баткан эмес.

Экономика жагында эмне болуп жатат, энергетика жагын, свет жок, сатып алабыз деп жатабыз, суунун баарын берип салып. Саламаттык сактоо тармагын тейлеген киши шайлоого кетти 2-3 айга. А шайлоодон кийин эмне болот? Коронавирустун экинчи толкуну болсо, ага ким жооп берет? Ушундай учурда кетип калганы этикага жатабы?

Менин оюмча мыйзамдуулукпу-мыйзамдуулук эмеспи, этикага жатабы-жатпайбы дегенден да негизги нерсе, азыркы оор мезгилде кеткени бул туура беле, туура эмес беле?

Үгүт айткандын ордуна сен түшүндүрүп бер, эмнеге оор мезгилде кызматыңды таштап, башка жактан бийлик керек болуп жатат?

Бияктагы бийлик сага реформа кылганга жетиштүү эмеспи? Барып тияктан айтат “биз муну өзгөртөбүз” деп. Министр же вице-премьер болуп туруп өзгөртө албайсыңбы? Депутаттын бийлиги эмне, көбүрөөкпү? Көбүрөөк эмес. Бийликтин баары раформа үчүн, вице-премьер, министрдин колунда. Талапкер болуп кайсы реформаны айтып барасың, депутат болуп калсаң деле. Мен алар жаман ой менен баратат деп айтпайм, бирок суроолор бар, айтып берсин. Азыр алар бизди алдап жатат, мыйзамдуулукка туура келет, баары жакшы деп. Жакшы эмес.

— Мамлекеттик кызмат жана депутаттык мандат, булар бири-биринен эмнеси менен айырмаланат?

— Бул — аткаруу бийлиги, министр, вице-премьер-министр, булар реформа кылат, депутаттык мандат бул мыйзам жазуучу. Бирок көп кишилерде парламентке барып, азыраак иштейм деген ой да. Бир жумада бир мүнөт сүйлөйсүң акылдуу болуп, иштегенде өкмөт иштейт да. Парламентке барган кишилер жакшы мыйзам жазышы керек, экинчиден, принципиалдуу позицияны көрсөтүш керек.

Күнүмдүк реформа бул өкмөттүн иши. Ошон үчүн мени таң калтырат, өкмөттө иштеп жаткан кишилер ишин токтотуп коюп, депутаттыкка бара жатышат. Анда айткын, мисалы өкмөттө эрк жетпей жатат, бирдеме кыла албай жатам деп. Ошон үчүн мен тигил жакка кеттим, ошол жактан айтам деп.

А бирок булар бул жактан эчтеке кылбай, кошоматчы эле болуп жүрбөйбү. Өзүнүн иши менен натыйжа көрсөткөн жок, анын адистиги боюнча унчукпай эле коеюн.

Менин оюмча, бул депутаттык статус өйдөрөөк деген ой эмес. Шайлоодон кийин бул жакта каламбы-калбаймбы, жаңы өкмөт, жаңы парламент келип, мени кууп чыкпайбы , орусча “запасной аэродром” деп коет, аны даярдап койбоймбу, бияктан кууп чыкса, отура калам, кире калам деген ой.

— Башка өлкөлөрдө жогорку кызматтагы аткаминерлердин парламенттин депутаттыгына барышы кандай чечилген?

— Башка мамлекеттерде ушундай мүмкүнчүлүк бар, бирок… , алар биринчиден, парламенттик мамлекет, ал жерде министрлер партиянын мүчөлөрү, көп жылдан бери, түптөгөн, ошол программа менен жүрүшөт.

Экинчиден, кризис убагында мындай практика болбойт. Кризис убагында эч ким өзүнүн ордун таштаган жок. Алар билет, элге жардам бергиси келген негизги максаты болсо, иштеп жаткан кызматында жардам бериш керек. Үчүнчүсү, массалык түрдө эч ким жылган жок шайлоого. Биз башка мамлекеттерди карап чыктык. Өзүм эл аралык укук боюнча адисмин. Кээ бир жерде мыйзамда жазылып калса деле көбүнчө партиянын лидерлерине туура келет экен, көп деле эмес, он кишидей болот экен. Бизде жүздөгөн киши болуп кетпедиби.

— Биздеги мурдагы парламенттик шайлоолорду эстеп көрөлү да, ушундай учурлар болду беле?

— Ушундай массалык түрдө болгон эмес, вице-премьерге чейин деп ойлойм, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматын таштап шайлоого барганы болгон эмес. Азыр өзгөчө абал, өзгөчө принципиалдуулугун көрсөтүш керек болчу.

Жакшы иштесең, шайлоодон кийин деле калмаксың.

Президент Жээнбеков “Биздин коомубуз ачык, административдик ресурсту пайдалануу көрүнүшү дароо эле байкалат деди. Ал эми админресурсту пайдалануунун коомчулуккка байкалбаган дагы жактары барбы?

— Албетте, бар. Тилекке каршы, коом бардыгын байкабайт. Көп нерсе биз көрбөгөн жерде болот, байкабай да, көрбөй да калабыз. Азыр караңыздарчы, аткаминерлер кызматын таштап барганы, потенциалы, мүмкүнчүлүгү өсүп кетти да колдонгонго, мен түшүнүп жатам, мейли. Эми гезиттерди, интернетти карасаңыздар, кишилерди колунан кармап келгенде деле эч ким ишенбей жатпайбы. Биз телефонго тартып алганда гана биртике реакция болуп жатат, бүттү.

Административдик ресурс колдонулууда. Биз аны байкап, көрүп жатабыз. Мүмкүн анын 5-10 пайызын гана көрүүдөбүз. Бирок биз ал бар экенин түшүнүп жатабыз.

Чечкиндүүлүк коомчулуктан чыкты

— Жогорку кызматтагы адамдардын шайлоого кетип калышына байланыштуу мыйзамга кандайдыр кошумчалар, толуктоолор кириши керекпи?

— Мейли, биз аны өзгөртөлү. А бирок кишинин өзүнүн уяты жок болуп жатса, ал табат жолду. Чектөө коюш керекпи-керек эмеспи, юрист барбасын деп коюп салса, программист барып калат, туурабы? Кишинин өзүндө принцип болушу керек.

Биз азыр көрүп жатпайбызбы, ошол тармакта бир күн иштебеген кишилер кандай жерге барып отуруп калып жатышат.

Бул жерде жарандар, эл, “туура эмес” деп айтышы, коомдук көзөмөл болушу керек. Эң негизгиси — кишинин өзүндө чектөө болсо, анан коом айтып турушу керек, чектөө койсок деле болбойт.

Маектешкен Айгүл Бакеева

Биринчи сүрөт: Анна Малашенкова.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты