​Динара Ошурахунова: “Бир күндүк тандоонун жыйынтыгын беш жыл көрөбүз” (ВИДЕО)

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө “Жарандык демилгелер” коомдук фондунун жетекчиси, эксперт Динара Ошурахунова парламенттик шайлоо жана саясий партиялардын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз козгоду.

-Президент шайлоочулардын добуш сатып алуу аракеттери көзөмөлдөнөөрүн айтты. Добуш сатып алууну кантип көзөмөлдөш керек?

-Добуш сатып алуу тууралуу ачык айтылып жатса, аны видеого тартып, аудиого жазып алса болот. Ким, кайсы адам добушту сатып алууга аракеттерди жасап, кимдер менен сүйлөшүп жатат, кайсы убакта, кайсы жерде деген маалыматтар сөзсүз болушу керек.

Бизде азыр добуш сатып алып жатышат деп маалымат тараганы менен көбүнчө укук коргоо органдары “далилденген жок, каралып жатат” деп коюшат. Бирок мен бир дагы жыйынтыкты көрө элекмин. Арыздар түштү, ким карап жатат, кандай жыйынтыктарды кабыл алды, түшүнүксүз.

Эгерде жарандардан добуш сатып алуу боюнча арыздар түшүп, жыйынтыктар чыкса, анда алар добуш сатып алуу процесстерин көзөмөлдөп, дайыма ал жөнүндө айтып турат. Эгерде эч кандай жыйынтык жок болсо, укук коргоо органдарга, шайлоо комиссияларына ишенбестик чоң болсо, анда аларга ошол жөнүндө айтпайт.

Укук коргоо органдарына ошондой маалымат түшкөндө жыйынтык болушу керек. Жыйынтык чыкпаса, анда эл муну айткан менен эчтеке чыкпайт экен деп, ошондон да арыздар азайып калат.

-Шайлоочулар шайлоодо талапкерлердин баарына каршы добуш берип коюшу мүмкүнбү? Анда эмне болот?

-Мыйзамда ал жазылган. Эгерде акыркы жыйынтыктарда каршы добуш бергендер көп болуп калса, анда шайлоону кайрадан өткөрүш керек. Ал эки жуманын ичинде кайрадан жарыяланыш керек. Анда буга чейин шайлоого катышкан партиялар да, талапкерлер дагы кайталанган шайлоого катыша алышпайт. Анда жаңы партиялар, жаңы талапкерлер катышышы керек

Ошол эле учурда баарына каршы деген менен, ошонун ичинде мамлекеттик органдардын кийлигишүүсү көп болсо, ошол далилденип калса, эгер шайлоонун жыйынтыгы туура эмес деп чечим чыгып калса, анда кайрадан шайлоо өтүшү керек дегенде мамлекеттин күнөөсү чоң болсо, анда ошол эле партиялар, ошол эле талапкерлер кайра катышса болот. Бул жерде эки жолу бар.

Эгерде баарына каршысы көп болсо, анда жаңы шайлоо, буга чейинки катышкан партиялар, талапкерлер катыша албайт, жаңы партиялар, жаңы талапкерлер келет.

-Талапкерлерди баалоонун кандай критерийлери бар?

-Атайын критерийлер жок. Моралдык критерийлер бар, анын ичинде эң биринчиден, бул шайлоочулардын ишеними, ошол депутаттын кандай иштерди жасаганын эл билээри, эгерде эл билсе, кайрадан ал депутатты шайлай берет.

Эгерде билбесе, анда шайлабай койсо болот. Ошол бир эле чечим бар. А негизи эмнеге атайын критерийлер жок? Анткени саясий партиялар өздөрүнүн программаларын жалпы сөз менен жазып коет, “Кыргызстанды жакшыртабыз, өнүктүрөбүз” деп.

А бирок кантип өнүктүрөт, канча жылдын ичинде өнүктүрөт, жыйынтыгы кандай болот деген өзүнүн критерийлери болот. Биз ошол критерийлер менен баалайбыз. Андай критерийлер азыр партиялардын программаларында бекитилген жок. Критерийлери программаларынын ичинде бекитилиши керек. Биз ошону талап кылганды үйрөнүшүбүз керек.


5-6 партия, акчалуулар келет дешет… Мен да ошого кошулам

-Шайлоонун жыйынтыгы кандай болот деп алдын-ала божомолдоого болобу? Канча партия келет, кайсы партиялардын мүмкүнчүлүктөрү бар деп айтууга болот?

-Азыр айтып жатышпайбы, 5-6 партия, акчалуулар келет деп. Мен деле ошого кошулам. Тилекке каршы, биз кандай болсок дагы, кандай кааласак дагы жөнөкөй, ресурсу жок партия элдин арасында колдоо таппаса, бир айдын ичинде өзүнүн идеологиясын, программасын жеткирип, жүрөгүн өзүнө тартып албаса, бул ресурсу, админресурсу, жер-жерлерде тааныштары бар, жергиликтүү бийликтин органдарынын мүчөлөрү, кызматкерлери иштеген же ошол эле добуш сатып алгандар келет, (добуш сатып алуу болот, азыр болуп жаткандан кийин анан деле болот, арыздардын жыйынтыгы болмоюнча, добуш сатып алуу боло берет), ошондуктан биз көбүнчө активдүү болсок, балким жаңы партиялар кирип калат.

Ресурсу жок, бирок элге жаккан партия болсо, балким өтөт. Негизи 4-5 партия өтөт болушу керек.

Алтынчы чакырылышты да биз тандаганбыз

-Партиялардын алдыңкы тизмесиндеги жаштарды парламентке өткөндөн кийин жылдырып салышпайбы?Дегеле жаштардын парламентке шайланып келүү мүмкүнчүлүгү канчалык?

-Бизде жакшы эле шарттар түзүлгөн. Алтынчы чакырылышта жаңылануу абдан көп болду. 70 пайыз бекен, ал жерде атайын сурамжылоо жүргүзүлгөн, ошол сурамжылоодон эске салсак, алтынчы чакырылыштагы жаңылануу 70 пайыздай болуп кетти, анын ичинде жаштар. Биринчи биз түшүнүшүбүз керек, жаштар деген булар кимдер экенин, мага 40 жашка чейинкилердин баары жаштар деп эсептеш керек деп айтып жатышкан. Азыр 40 жашка чейинки талапкерлер абдан көп болуп жатат. Жаңы партиялар элдин маанайын акырын байкап, өздөрүнүн алдындагы топторго караса. .

2015-жылды салыштырып карасак, анда көп ырчыларды, аксакалдарды киргизген.

Алдыңкы 20-орунга жаштарды көбүрөөк киргизгенге аракет кылып жатат. Бул абдан жакшы нерсе.

Анан, албетте, бизде скептицизм бар, эми булар келгенде эгерде партия утса, акырындан жылдырып коебу деген.

Биз баарыбыз тең алтынчы чакырылышка өзүбүздүн кандай гана көз караш, сыныбызды көп айтканбыз. Мен ойлойм, ошонун баары тең партиялар эске алса, чоң алмашуу болбойт болушу керек.

Партиялар өкмөткө келе турган курамды көрсөтүшү керек

-Бирок пикирим бар, бул жалгыз меники эмес, менин коллегаларыма да көп айткам, булар шайлоого катышып жатканда өкмөттү түзүп, өкмөткө кимдер, эмне үчүн кирет деген курамды көрсөтүш керек.

Азыр бир нече талапкерди партиялар өкмөткө бир орундарга сунуштайт. Булар эгерде макул болсо, барат.,ордуна башкалар келет. Бирок буларды атайын ылдый түшүрүп же кетирип салса, бул жарандарга деле, жарандык коомчулукка деле жакпайт. Аны партиялар түшүнүшү керек.

Партия келатканда өкмөттүн курамын өзү түзүп, кайсы адамды алар кайсы орунга, эмне үчүн сунуштаарын билиши керек.

А бизде кандай болуп жатат? Саясий партиялар келет, өкмөт түзүү башталганда тааныбаган, партияга кирбеген, партиянын талапкери эмес, жөн эле башка жерден аларды сууруп алып келип эле өкмөткө коюп жатат. Бул туура эмес, парламенттик демократия болгондон кийин ар бир саясий партия келатканда өкмөттүн түзүлүшү даяр адамдардан, ошол партиянын программасын ишке ашырган адамдардан турушу керек.

Бизде партиялар келет, алардын кадрлары жок.


Административдик ресурс колдонулбаса, добуш сатып алуу да азаймак

-Келечектүү жаштар эмнеге парламенттик шайлоого аттанды деп эсептейсиз?

-Булар менимче эскилер эчтеке кыла алышкан жок, өзгөрүү, реформа жок , биз келип өзүбүздүн көз карашыбызды , кандай түзүлүш керек, кандай болуш керек дегенди биз айта алабыз, биз жеткире алабыз деген максат менен барат.

— Бийлик бул жолу административдик ыкманы колдонбойт деп айтууга болобу?

-Болбойт. Биз көнүп алганбыз да, административдик ресурс шайлоодон шайлоого дайыма колдонулуп келатат. Административдик ресурс күчтүү иштеген шайлоо бул президенттик шайлоо. Анткени ал жерде жалгыз-жалгыз талапкерлер. Бир адам үчүн административдик ресурс иштейт.

Парламенттик шайлоодо административдик ресурс ар кандай болот. Андай күчтүү эмес, бирок ал партияга тарап кеткен ресурстар.Сиз өзүңүз деле көрүп жатпайсызбы, ар бир саясий партияда азыркы алтынчы чакырылыштын депутаттар талапкер катары жүрүшөт. Албетте, алар бийлигин, мандатын ошого колдонот. Эмне үчүн дегенде административдик ресурс абдан арзан, муну эчтеке төлөбөй эле иштетип туруп өтүп кетсең болот.

Административдик ресурс болгону үчүн бизде добуш сатып алуу да болуп жатат. Анткени бир партия же канча партия болсо, алардын колунда административдик ресурс болсо, ошону колдонот, административдик ресурсу жоктор каражатын колдонот.

Эгерде бизде административдик ресурс колдонбой калса, анда добуш сатып алуу дагы азаят.Бул бири-бирине көз каранды, альтернатива катары болуп жатат.

Эгерде теңдик болсо, баарынын мүмкүнчүлүгү, шарты дагы тең болсо, ошондо административдик ресурстун да кереги жок, добуш сатып алуу да болбойт эле. Бирок тилекке каршы, бизде ошондой проблема бар.

-Динара айым, сиз буга чейин шайлоолорго көз карандысыз байкоо жүргүзүп келдиңиз, ошолордон негизги кандай сабак алсак болот?

—Шайлоочулар кайдыгерликти көрсөтпөш керек. Ар бир шайлоочу “менин добушум эчтеке чечпейт, мен добуш берсем да-бербесем да, эчтеке өзгөрбөйт” деп өзүнүн добушуна, тандоосуна ишенбейт. Эгер ал ишенбесе, анда ким ишенет? Бул бийликке жакшы, жарандар ишенбей, саясатка активдүү аралашпаса, анда бийлик каалаган нерселерин жасай берет.

Ошондуктан ар бир жаран түшүнүшү керек, азыр сиздер бир күндүн ичинде кандай тандоо жасасаңар, беш жыл ошонун баары ишке ашат. Эгер аң-сезим менен, өзүңүздүн келечегиңизди ойлоп, өзүңүздүн эле эмес, балдардын келечегине чейин ойлосоңор, таразалап, добушуңузду сатпай, шайлоого сөзсүз катышышыңыз керек.

Өткөн чакырылышта добуш сатып алуу көп кездешкен

-2015-жылы добуш сатып алуу абдан көп болгон. Азыркы чакырылышка кимдер келди, ким канаат алды? Бул — биздин тандообуз болгон. Азыр кандай тандоо жасасак, ошондой парламент куралат. Биздин кызыкчылыкты талашкан депутаттар көп болсо, аларды тандашыбыз керек. Кайдыгер болсок, анда ошондой чакырылыш болот.

Экинчи сабак- шайлоо таза, айкын, өтүшү керек десек, эрежелерди сакташыбыз керек. Эрежелер капчыктуу партияларга шарт түзүп жатат. Баарына тең болуш керек. Ошондой эрежелерди талап коюп, өткөрүшүбүк керек. Ошондо баары атаандаштык негизде болот.

Маекти алып барган Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты