Коронавирус бар жана мен аны жеңдим — Гүлбара

.

Бешинчи бөлүк
Коронавирус бар жана мен аны жеңдим — Гүлбара

ПолитКлиника медиасынын бул долбоорунун алкагында Covid-19 жуктуруп, ооруп, айыккан жарандардын баяны чагылдырылат.

Гүлбара — Бишкек шаардык поликлиникалардын биринде иштейт. Коронавирус оорусу Кыргызстанда башталгандан тарта эле жумушунда иштеп жүрүп коронавирусту жуктуруп алганын айтат.

Бул жолку каарманыбыз бетин жаап берүүбүздү суранган.

«Ошол учурда жумушка баруу аябай эле кыйын болуп калган. Транспорт жок, жөө-жалаңдап, кесиптештерибизден суранып алардын машинесине түшүп, барып-келип иштеп жаттык», — деп баштайт өз сөзүн Гүлбара.

6-апрелден баштап дене табы көтөрүлүп баштаган. Эртең менен жумушка барганда эле башы ооруп, алы кетип башкача болуп калганын байкайт. Эртеси күнү кайра жумушка келет, жүрөгү айланып кусуп салат. Анда дагы вирус жуктурдум деп шек санабай, «кечинде жеген тамагым сиңбей калса керек» деп коет.
Андан кийин эле чыйрыгып баштаган. «Суук өткөзүп алсам керек» деп анда дагы жаман нерсени такыр ойлобойт. Өзү медицина кызматкери болгондуктан, өзүнө капельница жазып, ала баштаган. Жумушунан суранып кетип, үйүндө жатканын айтат.

«Үйдө эле жаттым. Жөтөлүм пайда болду. Жыт сезүүм качан жоголгонун өзүм байкабай калдым», — дейт ал…

Андан ары Гүлбаранын акыбалы начарлай берген. Температурасы түшпөй, бөйрөгү дагы ооруп баштаган. Алардын төрт кесиптешинен коронавирус аныкталгандан кийин гана Гүлбара дагы оорусу Covid-19 экенин түшүнгөн.

Гүлбараны кесиптештери менен кошуп, обсервацияга жаткырган. Он бир күн ооруканада дарыланып чыкканын айтат.

«Мен он эки күн үйдө жатып, анан обсервацияга бардым. Ошол учурда температурам түшпөй, бөйрөгүм ооруп, уйку деген таптакыр жок болуп калды. Кечинде кадимкидей өлүмдөн коркуу сезими болот. Ушундай уктасам экен дейм, анан өлбөй турсам экен деп ойлонот экенсиң. Дене табымды акыркы күндөрү ченебей деле калдым», — дейт ооруган күндөрүн эстеп.

Гульбаранын беш баласы, жолдошу бар. Коронавирус анын үйбүлөсүнө дагы. Бактыга жараша, алардыкы жеңил эле өтүп кеткен.

Гүлбаранын жыт сезүүсү көпкө чейин калыбына келбей жүргөн. Азыр деле өтө кескин жытты билбесе, анча-мынча жытты сезе бербегенин айтат.

«Үйгө чыгып келгенден кийин деле алсыроо болот экен. Ден-соолугуң калыбына келиши кыйын экен. Азыркыга чейин алсыроо бар. Азыр дагы, бир жума болуп калды больничныйда жүрөм бөйрөгүм ооруп. Убак-убагы менен жөтөл бар. Бул психологиялык жактан аябай чоң стресс болот экен», — дейт Гульбара.

Гүлбара өлүмдөн коркуу сезими күн сайын коштогонун айтат.

«Менде өлүмдөн коркуу сезими болуп, аба жетпей эле кечинде терезелерди ача калып… Терезени ачсам чыйрыгып кетем. Кайра жабам. Тегезени ачып терең-терең дем алам. Ушинтип аттым. Анан кечинде жатканда өлүп каламбы деген коркунуч пайда болду… Эртең турат бекенмин деп ойлондум…», — дейт ал.

Бул оору депрессияга дагы түшүрөрүн байкаган.

«Бул оору бар оору. Себеби, мен ооруп чыккан адам катары айтып атам. «Ушул деги бар оору бекен?» деп көпчүлүк ишенбей атат. Бул бар оору. Эрежелерди сактагыла. Маска тагынгыла, антисептик, жеке гигиенаны сактагыла. Адамдардын арасындагы аралыкты сактагыла. Эгерде дене табыңар көтөрүлүп, жөтөлүп, алыңар куруса сөзсүз түрдө врачтарга кайрылгыла» — деп кайрылат элге.

Бул макала жарым-жартылай АКШ өкмөтү каржылаган Бүтүрүүчүлѳрдүн КОВИД-19 Ыкчам Чара чакан гранттар программасынын каражатына даярдалган. Аталган Чакан гранттар программасы Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланып, Американын эл аралык билим берүү кеңештери (АКСЕЛС) аркылуу ишке ашырылат. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундулар жана пикирлер авторлордун оюн гана билдирет жана Кыргыз Республикасы АКШ Элчилигинин же Американын эл аралык билим берүү кеңештеринин көз карашына дал келбеши мүмкүн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты