Учак менен дары чачылат деген маалымат чындыкка дал келбейт
- 4 года мурун
- Баяндар
23-август күнү WhatsApp тиркемеси аркылуу түнкү убакта самолет менен дары чачылары жөнүндө аудио тараган. Республикалык штаб бул маалыматты четке какты.
Аудиодогу маалыматта чачыла турган дары жаш балдарды оорутары айтылган:
“Бул жолку чачылган дары жаш балдарга зыян экен. Шаардык ооруканалардын бардыгы балдарды кабыл алууга даярданып жатышат. Күзүндө боло турган экинчи толкун балдардыкы болот. Үч күн балдарынарды эшикке чыгарбагыла!”, — деп айтылат аудиодо.
Бирок, Республикалык штаб бул аудио маалыматтын чындыкка дал келбей турганын айтты:
“Түнкү убакта дары чачып жүрүшөт деген WhatsApp аркылуу тарап жаткан аудио билдирүү чындыкка дал келбейт.
Жарандардан такталбаган маалыматты жайылтпоону суранабыз!
Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаал министрлиги дезинфекциялык иш-чараларды жөө жүрүп же өрт эсептөөсүн тартуу менен жүргүзүшөт, жолдор жана имараттар дезинфекцияланат”,- деп билдиришти штабдан.
Кайсы бир маалыматты мессенджерлерден таратуудан мурда төмөнкүлөргө көңул буруңуз:
- Бул билдирүүнү айтып жаткан булак көрсөтүлгөнбү? Мисалы, адамдын аты-жөнү, ээлеген кызматы, же мамлекеттик мекеменин аты ж.б.
- Ар бир маалыматка дароо ишенбей, сын көз караш менен караңыз.
- Маалыматтарды расмий булактардан тактаңыз!
- Азыркы учурда коронавирус боюнча таратылган маалыматтардын чын төгүнүн билүү үчүн COVID-19: Республикалык штабынын 112 түз линия аркылуу тактоого болот.
- Сиз чын-төгүнүн билгиңиз келген маалыматтарды биздин Фейсбуктагы Полит Клиника баракчабызга, же +996773778957 WhatsApp номерине жөнөтсөңүз, биз текшерип, жарыялайбыз.