Бишкекте санитардык-көзөмөл посттору алынды
- 3 years мурун
Бишкек шаарына кире бериште жана чыгуудагы санитардык посттор алынып салынды.
Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Мындай чечимди жарандык коргоо комиссиясы кабыл алды, вице-мэр Азиз Алымкулов кол койду.
Буга чейин Бишкекте 12 санитардык-көзөмөл постту коюлган. Анда шаардык милиция башкармалыгыынан 24 киши, ИИМдин ичкки коопсуздук аскерлештирилген кызматынан 40, өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 24 жана саламаттык сактоо министрлигинен 24 кызматкер иштеп келген.
Муну бөлүшүү