​Екатеринбургдан Кыргызстандын 218 жараны кайтып келди

  • 4 года мурун

7-июлда “Урал авиа каттамдары” авиакомпаниясынын чартердик рейс менен Россиядан Кыргызстандын 218 жараны кайтып келди, анын ичинде балдар да бар.

Бул тууралуу тышкы ишмер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Чартердик рейс дүйнөдө коронавирус инфекциясынан чек аранын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында ишке ашырылды.
Андан тышкары, бул каттам менен Башкы консулдуктун жарандык активисттери жана кызматкерлери тарабынан гуманитардык жардам катары, жалпы суммасы 4300 АКШ долларын түзгөн кычкылтек концентраторлору, глюкометр, пульсикометрлер жана жеке коргонуу каражаттары жиберилген.

Сүрөт: ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты