19-январда: Айрым жерлерде кар жаайт

  • 5 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 19-январда, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарында кар жаайт, калган аймактарда кар жаашы күтүлбөйт. Айрым жерлерге туман түшөт, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, Ысык-Көлдүн батыш акваториясында шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетет.  

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6;

Талас облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6;

Баткен облусунда түнкүсүн -2…-7, -2…+3;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;

Ысык-Көл облусунда  түнкүсүн -7…-12, күндүз -4…+1;

Нарын облусунда түнкүсүн -23…-28, күндүз -9…-14 градус болот.

Бишкек шаарында эртең менен жана кечкисин туман каптайт . Абанын температурасы түнкүсүн -12°…-14°, күндүз -4…-6 градус болот.

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -11…-16° суукка чейин болушу күтүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты