19-сентябрда: Айрым жерлерде 34 градуска чейин ысык болот
- 3 недели мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, 19-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу аймактарында өткүн өтөт, калган жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +28…+33;
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +25…+30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +23…+28;
Бишкек шаарында күн ачык болот. Түнкүсүн +14…+16, күндүз +30…+32.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




