19-ноябрда: Айрым жерлерде 20 градуска чейин жылуу болот

  • 7 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 19-ноябрда, күндүз Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19;

Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20;

Ысык-Көл облусунда -2…+3, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 17…19° жылуу болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты