19-марттагы аба ырайы
- 3 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 19-мартта, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндуз 7…12;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндуз 2…7.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 14…16° жылуу болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




