19-июндагы аба ырайы
- 4 месяца мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 19-июнда, күндүз көпчүлүк аймктарда өткүн өтөт, күн күркүрөйт, айрым жерлерде жаан катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +28…+33;
Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27;
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26;
Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн +16…+18, күндүз +29…+31.
Иллюстрациялык сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




