19-июнда: Күн 41 градуска чейин ысыйт
- 12 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 19-июнда, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 19-июнда күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 20…25, күндүз 36…41;
Талас облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;
Баткен облусунда түнкүсүн 20…25, күндүз 36…41;
Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 21…26, күндүз 36…41;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 27…32;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 23…25°, күндүзгү жогорку температурасы 38…40° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы




