19-февралдагы аба ырайы
- 6 месяцев мурун
Бүгүн, 19-февралда, күндүз жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндуз 19…24
Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз 0…-5
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 22…24° жылуу болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Султан Досалиев/president.kg
Муну бөлүшүү




