19-апрелдеги аба ырайы

  • 4 недели мурун

Кыргызгидромет кыматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 19-апрелде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;

Талас облусунда  түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16;

Бишкек шаарында түнкүсүн ала булут каптап турат, жаан-чачын жаашы ыктымалы аз, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6°, күндүз +17…+19° болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты