“Коронавирус бар, мен аны жеңдим”. Биринчи бөлүк — Жазира Сүйүнова

Жазира Сүйүнова Нарын облустук ооруканасында ара төрөлгөн балдар бөлүмүндө улуу медайым болуп 18 жылдан бери эмгектенип келет. Ошол күндөрдүн биринде аталган бөлүмдүн кызматкерлеринин биринен Covid-19 аныкталат.

Биринчи бөлүк
«Коронавирус бар жана мен аны жеңдим»
ПолитКлиника медиасынын бул долбоорунун алкагында Covid-19 жуктуруп, ооруп, айыккан жарандардын баяны чагылдырылат.

Жазира Сүйүнова Нарын облустук ооруканасында ара төрөлгөн балдар бөлүмүндө улуу медайым болуп 18 жылдан бери эмгектенип келет. Ошол күндөрдүн биринде аталган бөлүмдүн кызматкерлеринин биринен Covid-19 аныкталат.

“Ал кызматкерди обсервацияга алып кеткенден кийин дагы вирус улам көбөйүп атты, а биз иштеп эле жаттык… Же жумушуңду таштап кетип кала албайсың. Бизге эпидемиологдор тарабынан “Кир аймак, таза аймак” деп бөлүп иштегиле деген инструктаж болгон жок», дейт Жазира, коронавирусту кантип жуктурганын баяндап.

«Дене боюңдун баары ооруйт экен. Оң жагыңдан жатсаң, сол жак өпкөң ооруйт, дем ала албайсың. Сол жагыңдан жатсаң, оң жак өпкөң ооруйт. Чалкаңдан жатсаң, дем ала албайсың. Айтор, жатыш кыйын»

Бир күнү кызматкерлердин баарынан ПЦР анализ алып, үй карантинине таратат. Бул жолу анализи таза чыкканы менен “Үйгө таратпай эле башка жакка обсервацияга алышса жакшы болмок” деп кыжалат болуп тарашкан.

Жазирада адегенде жөтөл пайда болгон, бирок ал кадимки эле жөтөл катары кабыл алып, көп деле көңүл бурган эмес. Бирок дене табы 37,3кө көтөрүлүп, алсырай баштайт. Түнү менен кайра-кайра табы көтөрүлө бергенде “Covid жуктуруп алсам керек” деп мобилдүү бригаданы чакырган. Мобилдүү бригада үч күндөн кийин келип анализ алып кеткен. Тесттин жыйынтыгында Жазирадан коронавирус бар экени аныкталып, инфекциялык ооруканага жаткырылган.

“Мага дагы жуккан экен деп “шок” болдум. Жөтөлүп, алсыз болуп, далым, көкүрөгүм чыдаткыс болуп ооруду. Эртеси күнү эч нерсенин даамын, жытын сезбей калдым. Кыймылдап, сүйлөп, башымды көтөрсөм эле ыкшып жөтөлүп аттым. Кошумча кычкылтек алып аттым”, — деп эскерет ал күндөрдү Жазира.

Дене табы бир аптадай таптакыр түшпөй койгон. Тогузунчу күн дегенде температурасы 37-36,9га араң түшкөн.

“Аябай кыйналдым. Дене боюңдун баары ооруйт экен. Оң жагыңан жатсаң сол жак өпкөң ооруйт, дем ала албайсың. Сол жагыңан жатсаң, оң жак өпкөң ооруйт. Чалкаңан жатсаң дем ала албайсың. Айтор, жатыш кыйын. Көмкөрөңөрдөн жатып тургала деп жатышты”, — дейт ал.


“Өзүм оорусам дагы үйбүлөмө жукпаса экен”

Эми Жазира “Мейли, өзүм оорусам да, башкысы үйбүлөмө жукпаса экен” деп тилей баштайт Кудайдан. Тилекке каршы, Жазира күткөндөй болбой калды. Вирус жолдошуна дагы, кызына дагы жукканы белгилүү болду. Ошондо ал катуу стресс болгонун айтат.

“Алар госпиталдык терапияда жатышты. Алар башка жакта, мен башка… Башыбыздан аябай кыйын күндөрдү өткөрдүк. Бир үй-бүлө болгондон кийин же чогуу жатпай, кыйын күндөр өттү. Элдин баары карантинде… Эч ким келбейт… Мен ошого аябай стресс алдым. Жолдошум менен кызымдан вирус аныкталганда ыйладым”, — деп эстейт кыйын күндөрүн.

Бирок, бул күндөр эми артта калды. Жазира өзү дагы, жолдошу менен кызы дагы айыгып, үйгө чыгып келишти. Карантин учуру бүтүп Жазира кайра жумушуна кайтып иштеп жаткан кези.

“Дискриминацияга кабылдым”

Вирустан тазаланганына көп убакыт өтсө дагы Жазира жана анын үйбүлөсүнөн алыстап, качып турушат.

“Мен бийик кабаттуу үйдө жашайм. Кошуналар “төрөт үйүнөн коронавирус менен ооругандар чыгып атат” дегенде эле менден кооптонуп, бизди көргөндө алыстап атышкан. Айрыкча, бизден коронавирус аныкталгандан кийин… Азыр биздин үй-бүлөдөн коркуп турушат. Биз чыгып келатканда бизден алыстап, же жол бошотуп турушат. Дискриминация болот эле экен”, — дейт Жазира.

Туугандары телефондон эле акыбалын сурап турушат. “Баары бир кооптонуу болуп атат да. Бирөөгө жолуксаң деле “Бул Covid болду эле. Мага да жугуп калабы” деп аткандай болгонсуп, алысыраактан учурашып өзүңдү-өзүң бөлүп калат экенсиң” , — деп сезимдери менен бөлүшөт.

“Ден-соолук баягыдай эмес”

Организм вирустан тазаланганы менен анын тийгизген кесепеттери көпкө чейин кетпейт экен. Жазира мурдагыдан алсыз болуп, бир аз кыймылдаса эле чарчап каларын айтат.

“Азыркыга чейин бир нерсе кылып кыймылдайын десем далым ооруйт, тердейм, шайым кетип, бир аз басканда өпкөм ачышып ооруп демигип турам. Кээде муунтуп аткандай болуп кетем. Оңой менен оору кетпейт экен. Вирустун оор түрү менен ооругандан кийин өпкөңдө “фиброз” (дарт) калып калат окшойт. Өпкөң баягыдай жакшы иштебейт экен. Эң коркунучтуусу ушул экен. Кан аябай коюлат экен. Мисалы менин каным аябай коюлуп анализге алынбай, кан суюлта турган гипаринди куюп атып ошондо араң-араң суюлду. Бул коркунучтуу оору экен”, — дейт ал.

“Мен адамдардын аң-сезиминин төмөндүгүнө абдан капамын”

Жазира элдин коронавируска кайдыгер мамиле жасап жатканына капа. Санитардык нормаларды аткарып, баары аралыкты сактап жүрсө мынчалык болмок эмес деген оюн айтат.

“Кыргыз эли оома элбиз. Интернет булактарынан адамдар ар кандай туура эмес маалыматтарды берип, айрымдар ошого ишенип жатышат.

“Медиктер акча алыш үчүн өздөрү ооруп атат” деген жазуулар чыгып жатат. Мен ошого абдан капамын. Адамдардын аң сезиминин төмөндүгүнө өтө капамын. Мен ооруну башыман өткөрдүм. Жыргаганынан ошол жерде эч ким жаткан жок. Биз эл үчүн деп ден-соолукту, жаныбызды аябай дем алышсыз, үй-бүлөбүзгө да коркунуч келтирип иштеп аттык. Каякка десе ошол жакта, чарчадым-чаалыктым, акчасын төлөбөй койду дебей иштеп аттык да. Биздин эл медиктердин жумушун жеңилдедип үйгө отуруп берген жок да. Азыр деле, ошол убакта деле маскасы жок… Адамдардын аң-сезими качан ачылат билбейм. Азыр деле өздөрүн сакташ керек. Көп адамдардан чыгып атат. Ошол эле тартипти, тазалыкты сактабаган адамдардын айынан биз ооруп атабыз да”, — дейт Жазира.

Бул макала жарым-жартылай АКШ өкмөтү каржылаган Бүтүрүүчүлѳрдүн КОВИД-19 Ыкчам Чара чакан гранттар программасынын каражатына даярдалган. Аталган Чакан гранттар программасы Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланып, Американын эл аралык билим берүү кеңештери (АКСЕЛС) аркылуу ишке ашырылат. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундулар жана пикирлер авторлордун оюн гана билдирет жана Кыргыз Республикасы АКШ Элчилигинин же Американын эл аралык билим берүү кеңештеринин көз карашына дал келбеши мүмкүн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты