​Жайыт талаш чечиле элек

  • 4 года мурун

Нарын облусунун тургундары 5-июндан бери жайыт талаштын аягына чыга албай келишет.

5-июнда Нарын районунун Жерге –Тал айылынын тургундары Кум-Бел жайыты аркылуу көчүп бараткан Кочкор районунун тургундарынын жолун тосуп, жайлоого өткөрбөй коюшкан.

Жергиликтүү ички ички башкармалыгы бул иш боюнча кылмыш иши козголгондугун билдирген.

11-июнда парламентте депутаттар өкмөт жайыттарга көңүл буруп, элдин талашын, көйгөйүн чечип берүү маселесин көтөргөн.

13-июнда кочкорлук чабандардын Кара-Кужурга киришине каршы болгон Нарын районунун тургундары жайлоодо жыйын курду. Алар менен өкмөттүн Нарындагы өкүлү Эмилбек Алымкулов жолукту.

Кочкор районуна тиешелүү Кара-Кужур өрөөнүн Нарын району узак мөөнөткө пайдаланууга алган. Кыргызстанда мөөнөткө пайдаланууга алган жайыт убактысы 2020-жылы бүтмөк. Бирок өкмөт токтому менен ал мөөнөт 2030-жылга чейин узартылган.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты