Бала бакча кызматкерлери ПЧР анализ тапшырат
- 4 года мурун
ПЧР-диагностика өткөрүүдө Бишкек шаарындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун 6 кызматкеринен коронавирус табылган. Ошол себептен балдар бакчаларынын кызматкерлеринин баары ПЧР диагностикадан өтүшү керек.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Аларга лабораториялык диагностика акысыз болот.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдары 5-июндан тартып иштей турган болгон.
9-июнга карата республикада бир суткада COVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2055 болду.
Муну бөлүшүү