​Такси кызматына патент баасы өзгөргөн жок

  • 4 года мурун

Салык кызматы жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө (такси) берилген патенттин баасы өзгөрбөгөндүгүн билдирет.

Мыйзамга ылайык, патент менен катар камсыздандыруу полисин да алуу зарыл. Бишкекте такси кызматы үчүн патенттин баасы — 500 сом, камсыздандыруу полиси — 775 сом турат.

Белгилей кетсек, салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтында патенттин баасы менен тааныша алышат.

Патентти салык органына баруу менен кагаз жүзүндө, ошондой эле интернет аркылуу онлайн түрүндө алууга болот. Электрондук патентти салык кызматынын www.salyk.kg – “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук сервис аркылуу же eID-картаны (2017-ж. жаңы үлгүдөгү паспортту) пайдалануу менен алууга болот.

Таксист жарандар Бишкекте патенттин ставкасы 1-майдан кийин жогорулоосу жөнүндө сөздүн улам салык кызматына кайрылып жатышкандыгы маалымдалды.

Такси кызматына 1-майдан тартып иштөөгө уруксат берилди. Таксисттер салонго экиден ашык адам салбоого, машинаны күнүнө кеминде үч жолу дезинфекциялап, кармагычтар, отургучтар ар бир жүргүнчү ташыган сайын антисептик менен тазаланып турууга тийиш.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты