18 январда: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт
- 5 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 18-январда, күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаайт, Талас, Ош жана Баткен облустарында кар жаашы күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Ысык-Көл акваториясынын батышында шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6;
Талас облусунда түнкүсүн -22…-27, күндүз -11…-16;
Баткен облусунда түнкүсүн 0…-5, -1…+4;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -5…-10;
Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -9…-14 градус болот.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -11°…-13°, күндүз +4…-6° болот.
18-19-январь күндөрү абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -9…-14°, күндүз -1…-6°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -2…-7° суукка чейин, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, тоо этектеринде түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн-7…-12° суукка чейин, күндүз -4° сууктан…+1° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -23…-28°, күндүз -9…-14°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -9…-14°, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -30…-35°, күндүз -11…-16° суукка чейин болушу күтүлөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




