18-сентябрдагы аба ырайы
- 4 недели мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, 18-сентябрда күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде өткүн өтүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31;
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +27…+32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +22…+27;
Бишкек шаарында күн ачык болот. Түнкүсүн +12…+14, күндүз +29…+31.
Иллюстрациялык сүрөт: Т. Байзак
Муну бөлүшүү




