18-майда: Айрым жерлерде 35 градуска чейин ысык болот
- 5 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 18-майда, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +26…+31;
Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +26…+30;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26;
Бишкек шаарында күн ачык болот. Түнкүсүн +10…+12, күндүз +29…+31.
Иллюстрациялык сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




