18-августтагы аба ырайы: Айрым жерлерде өткүн өтөт

  • 1 год мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 18-августта, күндүз Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт, күн күркүрөйт, Ош, Ысык-Көл облустарында катуу жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:  

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32;

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30;

Баткен облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +27…+32;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +27…+32;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +18…+23;

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +19…+24;

Бишкек шаарында өткүн өтүшү ыктымал. Батштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Түнкүсүн +16…+18, күндүз +27…+29 градус.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты