18-апрелдеги аба ырайы: Айрым жерлерде жаан жаайт
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 18-апрелде, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +12…+17;
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн +5…+7, күндүз +14…+16.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




