Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси изоляция пайдасыз деп айттыбы? (Фактчекинг)

@abdieff твиттер колдонуучусу Knews.kg сайты Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчисинин брифингде сүйлөгөн сөзүн туура эмес бергенин жазып чыкты.

Knews.kg сайтында “Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Гебреисустун брифингде өзүн-өзү изоляцияга алуу жана чектөөлөр коронавирус пандемиясын жок кылууга жардам бербей турганын айтты” деген макала жарык көргөн.

Кыргызстандагы “Белый парус” “Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси өзүн өзү изоляциялоо коронавирусту жеңүү үчүн пайдасы жок аракет экенин мойнуна алды” деген тема менен макала чыгарган.

Биз ушул маалыматтарды текшерип көрдүк.

“Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси өзүн өзү изоляциялоо коронавирусту жеңүү үчүн пайдасы жок аракет экенин мойнуна алды” деген макала адегенде Lenta.ru маалымат булагына жана башка маалымат булактарына дагы ушундай макалалар жарык көргөн. “Белый парус” маалымат булагы ошол макаланы көчүрүп баскан.

Ал эми Knews.kg сайтынынын макаласында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчисинин сөзү туура берилген. Бирок темасында “Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси өзүн өзү изоляциялоонун өзү коронавирусту жок кылууга жетишсиз аракет” деген маанини берсе так болмок.

“Кишилерди үйүндө калууну өтүнүү жана кыймыл-аракетти токтотуу убакытты жеңүүгө жана саламаттыкты сактоо системасына басымды азайтат. Бирок, өзүнөн өзү бул чаралар эпидемияны өчүрбөйт. Бул кыймыл-аракеттердин мааниси, инфекцияны андан ары жугуудан токтотуп, адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн так жана максаттуу чаралар болуп саналат”,- деп айтылат билдирүүдө.

Бирок, 2020-жылы 25-мартта Женевадагы брифингде Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Гебреисус бул чараларды пайдасыз деп айткан эмес. Тагыраагы, өзүн өзү изоляциялоо жетишсиз деп айткан:

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси изоляция пайдасыз деп айттыбы? (Фактчекинг)

“Биз буга чейин көптөгөн пандемия жана кризистерди баштан өткөрдүк. Муну дагы жеңип чыгабыз. Маселе ага кандай кыйынчылык менен жетээрибизде. Бүгүнкү күндө 16 миң өмүрдөн айрылдык. Дагы көп жоготуулар болорун билип турабыз — дагы канча болоору биздин чечимдерибизден, азыр жасап жаткан аракеттерибизден көз каранды болот.

COVID-19 вирусунун жайылышын жайлатуу үчүн, көптөгөн өлкөлөр олуттуу коомдук жана экономикалык чыгымдар менен болуп көрбөгөндөй чараларды көрүштү, мектептерди жана иш-чараларды жабуу, спорттук иш-чараларды токтотуу жана элдин үйдө калуусун өтүнүү. Бул өлкөлөр качан жана кантип бул чечимдерди жумшарта аларына баа берүүгө аракет кылып жатканын түшүнүп жатабыз.

Жооп, бүткүл эл бул чараларды карманып отурганда аталган өлкөлөр эмне кылып жаткандыгынан көз каранды болот.

Адамдарды үйүндө калууну өтүнүү жана кыймыл-аракетти токтотуу убакытты жеңүүгө жана саламаттыкты сактоо системасына басымды азайтат.

Бирок, өзүнөн өзү бул чаралар эпидемияны жок кылбайт.

Бул кыймыл-аракеттердин мааниси, инфекцияны андан ары жугуудан жана адамдардын өмүрүн сактап калуу үчүн так жана максаттуу чаралар болуп саналат.

“Тосмо” киргизген бардык өлкөлөрдү, бул убакытты вируска каршы туура пайдаланууга чакырабыз. Силер мүмкүнчүлүктөрдүн экинчи терезесин ачтыңар. Суроо, аны кантип туура пайдалана алсыңар?

Биз алты негизги иш-чараларды сунуштайбыз.

  • Биринчиден, коомдук жана медициналык эмгек күчүн кеңейтүү, окутуу жана колдонуу керек;
  • Экинчиден, коомчулук деңгээлинде шектүү болгон ар бир учурду табуу системасын киргизүү;
  • Үчүнчүдөн, тестирлөөнү өндүрүүнү, кубаттуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
  • Төртүнчү, бейтаптарды дарылоо жана изоляцияга алуу үчүн колдоно турган каражаттарды жабдуу, аныктоо жана ылайыкташтыруу;
  • Бешинчиден,так планды иштеп чыгуу жана контакттардын карантинин иштеп чыгуу;
  • Алтынчыдан, бардык өкмөттү COVID-19 вирусун көзөмөлдөөгө жана токтотууга багыттоо.

Бул иш-чаралар вирустун жайылышын токтотуу үчүн мыкты каражат болуп саналат жана чектөөлөр алынганда вирус кайра чыкпайт”, — деп билдирген Тедрос Гебреисус.

Жыйынтык: жарым-жартылай калп. Тедрос Гебреисус вирусту жеңүү үчүн өзүн-өзү изоляциялоо гана жетишсиз экендигин, буга кошумча иш-чаралар дагы зарыл экендигин айткан. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары бул маалыматты бурмалап берген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты