Ош облусунда жер силкинди
- 5 лет мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 13-мартта саат 06:01де Кыргызстанда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Жийде айылында жана Өзгөн районунун Калта, Зергер, Кайрат, Кыргызстан жана Ничке-Сай айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
13-мартта саат 17:12де Ош облусунун Алай районунун Кара-Киндик айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Иллюстрациялык сүрөт.
Муну бөлүшүү