Абылгазиев тынчтык акциясында жарандардын коопсуздугун камсыз кылууну тапшырды
- 5 лет мурун
Өкмөт башчы тараптарды жарандардын катышуусундагы акцияларда чыр-чатакка жол бербөөгө чакырды.
«Биздин эл аялдарга өзгөчө сый мамиле кылып, салттуу баалуулуктарды сактап келген. Үй-бүлөдөгү жана коомдогу айымдардын ролу дайыма өзгөчө болуп келген. Биз бул баалуулуктарды бүгүн да сактап, сыйлашыбыз керек. Укук коргоо органдары тынч жарандарды коргоо жана чыр-чатактарга жол бербөө үчүн акыркы чараларды көрүүгө тийишпиз. Ал эми акциялардын уюштуруучулары катышуучулардын алдындагы жоопкерчилигин сезип, чагымчылдыкка жол бербөө үчүн бардык кадамдарга баруусу зарыл», — деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.
Өкмөт башчы Ички иштер министрлигине акцияларды өткөрүү учурунда мыйзам чегинде тартипти камсыздоону тапшырды.
Бишкек шаарынын Свердлов районунда Жеңиш аянтында, 8-мартта митингге чыккандарды милиция кармап кеткен. Аларды кийинчерээк бошотушкан.
Сүрөт: 8-марттагы жүрүштөн кийин Свердлов ИИбде. Сүрөт: Акыйкатчы институту.