Зомбулукка каршы акция өтөт
- 5 лет мурун
Мурда кабарлангандай, бүгүн, 10-мартта, саат 12 де Бишкекте Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында (Абдумомунов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилиши) зомбулукка каршы тынчтык акциясы өтөт.
Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Акция 8-марттагы тынчтык жүрүшүнүн милиция тарабынан таратылуусуна реакция болмокчу.
8-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда, Жеңиш аянтында митингге чыккандарды милиция кармап кеткен. Аларды кийинчерээк бошотушкан.
Сүрөт: 8-марттагы митинг учурундагы кармоо, Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү