​Бишкекте зомбулукка каршы акция өтөт

  • 4 года мурун

Эртең, 10-мартта, саат 12 де Бишкекте Уркуя Салиеванын эстелигинин жанында (Абдумомунов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилиши) зомбулукка каршы тынчтык акциясы өтөт.

Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Акция 8-марттагы тынчтык жүрүшүнүн милиция тарабынан таратылуусуна реакция болмокчу.

8-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда, Жеңиш аянтында митингге чыккандарды милиция кармап кеткен. Аларды кийинчерээк бошотушкан.

Бишкекте Биринчи май, Ленин жана Октябрь райондорунда сот чечимдери менен митинг өткөрүүгө 1-июлга чейин чектөө киргизилген.

Баш прокуратура Бишкектин борборунда 1-июлга чейин митингдерге тыюу салуу боюнча сот чечимдерин мыйзамсыз деп тапты.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты