Талгат Алановго адвокат жалдоо үчүн каражат чогултулууда
- 5 лет мурун
Өлкөдө мамлекеттик чек ара кызматынын подполковниги Талгат Аланов үчүн каражат чогултула баштады. Активисттер тиешелүү жарыяны соцтармактарга жайылтышууда.
Буга чейин Талгат Аланов каражаттын жоктугуна байланыштуу сотто өз кызыкчылыгын өзү коргой турганын билдирген. Активисттер жарандарды адвокат жалдоо үчүн каражат топтоого үндөшүүдө.
2019-жылдын 27-ноябрында мамлекеттик чек ара кызматынын офицери Талгат Аланов журналисттерге өзү иштеген мекемедеги мыйзамсыз иштер тууралуу маалымдаган.
Анда Аланов «Достук» чек ара көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги акча топтоо фактыларын мисал келтирген. Ал ошондой эле мамлекеттик чек ара кызматынын башында тургандар кошуна мамлекеттер менен чектеш аймактардагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде иштеген кызматкерлерден «үлүш» алып турарын, түзүмдүн ичинде жазылбаган мыйзамдар бар экенин айтып, кызмат орундары акчага сатыларын да билдирген.
Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын штаб башчысы Адылбек Сейдалиев Алановдун сөздөрүн четке каккан.
Кийинчерээк мамлекеттик чек ара кызматы Алановдун өзүн айыптап, офицер 2005-жылдан бери жетекчиликтин уруксатын албастан 300 ирет Кыргызстандан сыртка чыкканын билдирип, материал Аскер прокуратурасына өткөрүлгөнүн жарыялаган.
Сүрөт: Медер Ниязалиев.