Ош облусунда жер титиреди
- 5 лет мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 7-февралда, саат 06:14тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ноокат районунун Керкидан, Найман айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Иллюстрациялык сүрөт.
Муну бөлүшүү