17-сентябрда: Айрым аймактарда өткүн өтөт
- 4 недели мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, 17-cентябрда күндүз айрым аймактарда өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +26…+31;
Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;
Баткен облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +26…+31;
Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24;
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +21…+26;
Бишкек шаарында күн ачык болот. Түнкүсүн +11…+13, күндүз +27…+29.
Иллюстрациялык сүрөт: Т. Байзак
Муну бөлүшүү




