17-майдагы аба ырайы: 40 градуска чейин ысык болот  

  • 1 месяц мурун

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бүгүн, 17-майда, түнкүсүн жаан-чачын жаабайт.Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтөт, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 35…40;

Талас облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 33…38;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 35…40;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 37…39 градус ысык болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты