17-майда: Көпчүлүк жерлерде өткүн өтөт, күн күркүрөйт

  • 4 недели мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 17-майда, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтөт, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар түшөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.  

Абанын температурасы:   

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29;

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24;

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;

Бишкек шаарында күн ачык болот. Түнкүсүн +9…+11, күндүз +26…+28.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты