17-июнда: Көпчүлүк аймакта өткүн өтөт
- 4 недели мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 17-июнда, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36;
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түнкүсүн +19…+21, күндүз +32…+34.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




