17-июнда: Айрым жерлерде 38 градуска чейин ысык болот    

  • 12 месяцев мурун

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 17-июнда, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт.

Күндүз Жалал-Абад, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, күн күркүрөйт, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:    

Чүй облусунда түнкүсүн+16…+21; күндүз +33…+38;

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18; күндүз +30…+35;

Баткен облусунда түнкүсүн +18…+23; күндүз +33…+38;

Ошская, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23; күндүз +33…+38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14; күндүз +20…+25;

Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12; күндүз +23…+28;

Бишкек шаарында жаан күтүлбөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым учурда 14 метрге чейин жетет, абанын температурасы түнкүсүн +18…+20; күндүз +35…+37.

17-19-июнь күндөрү ысык аба ырайы күтүлүп, абанын жогорку температурасы акырындык менен жогорулашы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 39…41°ка чейин, Талас облусунун өрөөнүндө 36…38°ка чейин жогорулашы ыктымал.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) шашылыш билдирүү таратты.

Иллюстрацияле сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты