17-июлдагы аба ырайы: Чүй облусунда 39 градуска чейин ысык болот
- 9 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 17-июлда, күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абадда тоолуу райондордо өткүн өтөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +34…+39;
Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +32…+37;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +21…+26, күндүз +33…+38;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +20…+22, күндүз +36…+38 градус.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»
Муну бөлүшүү




