17-февралда: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

  • 3 недели мурун

17-февралда күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт.

Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18

Талас облусунла түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 14…19

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 16…18° жылуу болот.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты