17-декабрда: Айрым жерлерде жаан жана кар жаашы күтүлөт
- 6 месяцев мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 17-декабрда, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температуасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10;
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6;
Баткен облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +6…+11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +3…+8;
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;
Бишкек шаарында эртең күндүз жаан жаашы күтүлөт. Түнкүсүн -1…+1, күндүз +8…+10 градус жылуу.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




