17-апрелде: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
- 1 месяц мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 17-апрелде, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +9…+14;
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +13…+18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундун 4-9 метр, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет. Түнкүсүн +6…+8, күндүз +12…+14.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




