Ош облусунда жер титиреди
- 5 лет мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 5-январында саат 15:59да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кашка-Суу, Жайылма айылдарында 3 балл, Кара-Кабак айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Муну бөлүшүү