Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

  • 4 года мурун

Бүгүн, 21-декабрда, абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2;

Ошто, Жалал-Абадда жана Баткенде түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2;

Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз -6…-11;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -7…-12 градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 2…4 градус болот.

21-22-23-декабрда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда кар жаайт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 17-22 метрге жетет.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: «Политклиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты