Ошто жер титиреди
- 5 лет мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 3-декабрда саат 16:03 тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Кара-Киндик айылында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Муну бөлүшүү